22- Ноябрь 2010 -жылы Камбоджанын борбору Пномпень шаарында тыгын болуп, анын кесепетинен 456 киши өлгөн

Камбоджанын борбору Пномпень шаарында камбоджалыктардын улуттук майрамы болгон Суу фестивалы өтүп жаткан учурда тыгын болуп, анын кесепетинен 456 киши өлүп, 500дөн ашууну ар кандай жаракат алган.

Майрамга крата Тонлесап дарыясынын үстүндөгү көпүрөдө фейерверктерди жана кайыктардын жарышын көрүү үчүн 1000 чамалуу адам чогулган. Адамдардын калың тобу тар көпүрөгө батпай тыгын жаралып, бир нече адам көз жумган. Кээ бир адамдар сууга секирип түшүп, чөгүп өлүшкөн. Бул окуяга байланыштуу Камбоджанын премьер-министри Хун Сен 2010-жылдын 25-ноябрын аза күтүү күнү деп жарыялаган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан