22- Ноябрь 1946 -жылы
Англияда алгачкы жолу шариктүү калем саптар сатыкка чыккан
Англияда алгачкы жолу шариктүү калем саптар сатыкка чыккан. Заманбап шариктүү калем сам венгер журналисти Ласло Биро тарабынан 1938-жылы ойлоп табылган. 1943-жылы 1-июнда Милтон Рейнолдс шариктүү калем сапты паттенттеген. Ал эми 1953-жылы француз улутундагы Марсель Бик шариктүү калем саптардын конструкциясын жөнөкөйлөтүп, өндүрүүдө аз чыгым талап кылган BIC (Bic Cristal) аталышындагы калем саптарды чыгара баштаган. СССРдин аймагында шариктүү калем саптар 1960-жылдары кеңири тараган.