27- Ноябрь 1967 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев туулган
Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Москвадагы А.С.Скрябин атындагы Ветеринардык академиянын зооинженердик факультетин бүтүргөн.
Кенжебек Бокоев 1985-1987-жылдары Советтик Армиянын катарында Ооганстанда кызмат өтөгөн. Ал эми 1992-1995-жылдары жеке ишкер катары эмгек жолун баштаган.
1995-1997-жылдары – Кара-Буура районундагы "Токчулук" дыйкан чарбасынын башчысы;
1997-1998-жылдары – Кара-Буура районундагы "Кол кабыш" жоопкерчилиги чектелген коомдун директору;
1998-2005-жылдары – Талас областындагы "Кутман-Ордо" фермердик ассоциациясынын төрагасы;
2005-2010-жылдары – Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы.
2010-жылы октябрда "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал эми 2015-жылы Жогорку Кеңештин  депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан