Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Саламаттыкты сактоонун отличниги, Кыргызстандагы Стоматологдор ассоциациясынын экс-вице-президенти Алмазбек Мамбетказиев каза болгон.
Мамбетказиев Алмазбек Токтобекович 1951-жылы 29-сентябрда Нарын шаарында туулган.
Алмазбек Мамбетказиев 1958-жылы Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айылында 1-класска барган. 1964-жылы Фрунзе шаарына которулуп, Кыргызстанга белгилүү №5 шаардык орто мектепке 7-класска отуруп, 1968-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Мектепти бүткөндөн кийин 1968-1969-жылдары "Кыргызмебель" бирикмесинде чогултуучу жыгач уста болуп иштеген. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетине өтүп, 1974-жылы ийгиликтүү аяктап, дарыгер-стоматолог адистигин алган.
1974-жылдан баштап 1976-жылдын ноябрь айына чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомосу боюнча Нарын облусунун Ат-Башы райондук борбордук ооруканасында дарыгер-стоматолог болуп иштеген.
1976-жылдын ноябрь айынан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Фрунзе шаарындагы №1-тиш дарылоочу эмканада дарыгер-стоматолог болуп эмгектенген.
1978-жылдын ноябрынан 1981-жылдын ноябрь айына чейин өткөрүлгөн атайын тандоодон кийин Германия Демократиялык Республикасында дарыгер-стоматолог болуп кызмат кылган.
1982-жылдан 1986-жылдын ноябрына чейин №1-шаардык тиш дарылоо эмканасында бөлүм башчы болуп иштеген.
1986-жылдын ноябрь айынан 1995-жылдын ноябрь айына чейин ошол эле эмканада баш дарыгердин дарылоо боюнча орун басары болуп эмгектенген. 1995-жылдын ноябрынан баштап Бишкек шаарынын №3-тиш дарылоочу эмканасында башкы дарыгер болуп өмүрүнүн акырына чейин үзүрлүү кызмат өтөгөн.
Алмазбек Мамбетказиев 1993-жылы Кыргыз Республикасынын ардактуу медицина кызматкери наамын алган, Жогорку даражадагы дарыгер-стоматолог.
Ал эми 2000-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери ардактуу наамына татыктуу болгон.
Алмазбек Мамбетказиев 1997-2006-жылдары Бишкек шаарынын башкы тиш дарыгер-стоматологу, 1999-2004-жылдары Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты болгон.
2008- жылы Орусия мамлекетинин Н.И.Пирогов атындагы сыйлыгынын лауреаты, Орусия Федерациясынын
коопсуздук, коргонуу жана тартип Академиясынын академиги, 2000-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Стоматология ассоциациясынын вице-президенти. Жетишкен ийгиликтери үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек мэриясынын, Биринчи май райондук администрациясынын, профсоюз органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамоталары менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын жана 1 уулдун атасы, неберелердин таятасы. ХХ кылымдын акыркы он жылдыгынан өмүрүнүн акырына чейин "Кегети" коомдук фондунун президенти болуп, Кыргызстан үчүн, анын ичинен Кегети айылынын өнүгүүсү үчүн албан эмгек сиңирген.