22- Январь 1901 -жылы Улуу Британиянын узак убакыт тактыда отурган ханышасы Виктория көз жумган
Улуу Британиянын узак убакыт тактыда отурган ханышасы Виктория Уайт аралында 82 жаш курагында сүйүктүү небереси, Германиянын императору Вильгельм II'нин колунда көз жумган.
Виктория - Улуу Британиянын ханышасы, 1837-жылдан баштап Ирландиянын ханышасы, 1876-жылдан тартып Индиянын императрицасы жана падышалык тактыда отурган Улуу Британиядагы Ганновер династиясынын акыркы мүчөсү болгон. 
Виктория ханышасы тактыда, башкаларга салыштырмалуу эң узак убакытка, тактап айтканда, 63 жылдан ашык отурган. Анын уул-кыз, неберелери Европадагы башка падышалыктардын уул-кыздары менен үй-бүлө курушуп, ханышанын таасири мурункудан да күчтүү болгон. Ошол себептен аны "Европанын чоң энеси" деп аташкан. 
Виктория ханышанын урматына дүйнөдөгү эң ири шаркыратма, ири көлдөрдүн бири жана 1850-жылы англиялык Жон Хинд аттуу астроном тарабынан ачылган астероид анын атында коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан