23- Январь 1938 -жылы Cоветтик укук коргоочу Анатолий Марченко туулган
Чехословакияга аскердик курам киргизүүгө каршы чыгып, камалган советтик укук коргоочу Анатолий Марченко Новосибирск облусундагы Барабинск шаарында туулган. Ал жазуучу, диссидент катары белгилүү болгон. Анатолий Марченко мекенине чыккынчылык кылгандыгы, административдик көзөмөлдүн эрежелерин кескин бузгандыгы, антисоветтик үгүт кылгандыгы жана башка аракеттери үчүн алты жолу камалган. 1986-жылы 4-августта камакта жатып "баардык саясий камактагы адамдарды бошоткула" деген талап менен 117 күнгө созулган ачкачылык жарыялаган. Ачкачылык акциясы бүткөндөн кийин Анатолий Марченко өзүн жаман сезип доктурга жаткырылган. Ошентип 1986-жылы 8-декабрда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан