5- Март 1953 -жылы Советтик коомдук-саясий ишмер Иосиф Сталин көз жумган
Советтик коомдук-саясий ишмер, КПСС БКнын генералдык катчысы (1941-1953), Советтер Союзунун баатыры, генералиссимус Иосиф Сталин (чын фамилиясы Жугашвили) Тифлис губерниясынын Гори шаарында 1879-жылы 21-декабрда туулган. 1894-жылы Горидеги дин окуу жайын бүтүрүп, Тифлис правослазие семинариясына кирген. Ал жердеги марксчылардын таасири менен революциячыл кыймылга аралашып, жашырын ийримдерде маркстык адабияттар менен тааныша баштаган. 1899-жылы революциялык иштери үчүн семинариядан куулгандан кийин жашырын абалга өтүп, революциялык илимди кесип кылып алып, Октябрь революциясын даярдоого жана ишке ашырууга активдүү катышып, Борбордук Комиссиянын Саясий бюросунун куралдуу көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, Петроград Аскердик революциялык комитетинин мүчөлүгүнө кирген. 
1922-жылы апрелдеги БКнын Пленумунда КПСС БКнын Генеральнын секретарлыгына шайланып, ал кызматты өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРди коргоо менен милитаристтик Японияны талкалоого жетекчилик кылган. Ал жаңы совет өкмөтүнүн эл чарбасын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү эл аралык позициясын чыңдоого зор салымын кошкон.
Иосиф Сталинге Соцалисттик Эмгектин Баатыры (1930), Советтер Союзунун Маршалы (1943), Советтер Союзунун Генералиссуму деген наам берилген. 1-даражадагы Суворов ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Сталинди акыркы сапарга узатуу 1953-жылы 9-мартта өтүп, аны менен коштошуу үчүн өлкөнүн ар тарабынан адамдар барышкан. Эл ушунчалык көп болгондуктан кысылыш келип чыгып, жүздөгөн адамдар тепсендиде калып өлгөн (болжолдуу түрдө 1422 адам).
Сталиндин денеси бальзамдалып, Лениндин мавзолейине коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары мавзолей В.И.Лениндин жана И.В.Сталиндин мавзолейи деп аталган. 1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын олуттуу бузган. Ал үчүн жол башчынын жанына Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген чечим чыгарылып, Сталиндин сөөгү Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан