27- Январь 1977 -жылы орусиялык ырчы Елена Ваенга туулган
Орусиялык ырчы, ырлардын автору Елена Ваенга Орусиянын Мурманск областындагы Североморск шаарында туулган.
Елена Ваенга деген лакап ат менен таанылган ырчынын өз аты Елена Владимировна Хрулёва. Ал эми Ваенга - Елена Хрулёванын кичи мекени, ошондой эле ошол шаардын жанындагы дарыянын аты. Бул лакап атты апасы ойлоп тапкан. Өзүнүн биринчи "Көгүчкөндөр" ("Голуби") ырын 9 жашында жазып, Бүткүл Союздук жаш обончулар сынагынын жеңүүчүсү болгон. Мектепти бүткөн соң Санкт-Петербургдагы Н.А.Римский-Корсаков атындагы музыкалык училищеде фортепиано классында окуган. Елена кичинекей кезинен бери актриса болгусу келген. Ошондуктан ал Театралдык академияга тапшырып, бирок ал жакты 2 айдан кийин таштап кеткен. Себеби аны Москвага өзүнүн биринчи альбомун жаздырууга чакырышкан.
Елена Ваенганын хитке айланган ырларын санай турган болсок, "Города", "Клавиши", "Желаю", "Девочка", "Мы попали с тобой под дождь", "Скучаю", "Шопен" ж.б.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан