23- Январь 2014 -жылы Айвазовскийдин Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинен жоголгон картинасы табылган
Саат 10:30дар чамасында белгисиз адам “Дело №” гезитинин редакциясына келип, башкы редакторго колундагы бланкты берип коюуну ошол жердеги кызматкерлерден өтүнгөн. Андан соң ал белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Бланктын ичин ачып карашса, музейден уурдалган сүрөт болуп чыккан. Анан алар милиция кызматкерлерине кайрылышкан.
Иван Айвазовскийге таандык “Крымдагы деңиз пейзажы” аталышындагы сүрөт 2013-жылдын 27-декабрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин экинчи кабатындагы орус көркөм сүрөт залында илинип турган жеринен жоголгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан