26- Февраль 1869 -жылы Советтик коомдук-партиялык ишмер Надежда Крупская туулган
Советтик коомдук-партиялык ишмер, педагогика илимдеринин доктору, СССРдин негиздөөчүсү В.И.Ульяновдун (Лениндин) аялы Надежда Крупская Санкт-Петербургда офицердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, революциячыл чөйрөдө чоноюп, тарбияланган. 1889-жылы жогорку аялдар курсундагы тарыхый филологиялык бөлүмдө окуу менен Санкт-Петербургда революциялык көз караштагы студенттер уюштурган ийримге да катышып жүргөн.
1891-жылы ал Петербургдагы Невская районундагы жумушчулардын кечки мектебинде мугалим болуп иштеп жүрүп, В.И.Ленин менен таанышат. 1895-жылы ал түзгөн Жумушчу табын эркиндикке чыгаруунун күрөш союзуна мүчө болуп кирет. 1896-жылдын август айында революциялык иштери үчүн камакка алынып, үч жылга Уфа губерниясына сүргүнгө айдалган. Кийинчерээк аны Шушенское селосунда өтөөгө уруксат берилет. 1901-жылы Мюнхенге эмиграцияга кетип, "Искра" газетасына катчы, 1904-жылы "Вперёд" газетасында кызматкер, 1905-жылы РСДРП БКнын чет өлкөлүк бюросунда катчы болуп иштеген. Совет бийлигинин тушунда Эл агартуу комиссариатынын (ЭАК) коллегиясынын мүчөсү, 1921-ЭАКтын илимий-методикалык секциясынын төрагасы болуп иштеп, эл агартуу боюнча алгачкы декреттерди даярдайт. Кийин Эл агартуу министринин орун басары болуп иштеген.
Крупская Надежда Константинова 1939-жылы 27-февралда Москва шаарында дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан