29- Апрель 1992 -жылы
"Биз" тобу алгачкы музыкалык альбомун чыгарган
Обончу Марат Алыбаев жетектеген улуттук филармониянын астындагы "Таазим" эстрадалык тобунун чоң жардамы менен "Биз" тобу бир айдан ашык даярданып, КТРдин үн жазуу студиясында топтун биринчи музыкалык альбому жаралган. Альбом "Периштем" деп аталып, "Периштем", "Сагынам", "Жоогазын", "Айперим", "Себелеп", "Таң чолпон жылдызы", "Студентка кыз", "Алия" жана "Айнура" деген аталыштардагы тогуз ырдан турган.