
Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орто-Сай айылында жалгыз кыргыз элине гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанымал, Орто Азиядан чыккан биринчи каскадёр Үсөн Кудайбергеновду өз үйүнөн атып кетишкен. Бул атайын тапшырма менен жасалган каргашалуу өлүмдүн эл арасында айтылган версиялары көп болуп, бири "Ар намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун тарапташы болгону үчүн Куловду сестендирүү максатында жасалган иш десе, экинчиси, Кудайбергеновдун акыркы ирет ММКларга берген маалыматынын жыйынтыгы деп болжолдошкон. Себеби ошол жылы 24-март окуясынын кийин өзүнүн жигиттерин чогултуп атайын штаб ачып, өлкөбүздөгү болгон талап-тоноолорго каршы туруп, жерлерди басып алып жаткан элдерди биримдикке, тынчтыкка үндөп жүргөндө телеге чыгып: "мен шаардагы талап-тоноолорду, жерлерди мыйзамсыз басып алууларды ким уюштуруп жатканын билем. Учурда иш юридикалык жактан каралып атат. Буйурса чындыкка чыгат", - деп айтканы бар.
Голливуд Каскадёрлор, Орусия Каскадёрлор ассоциациясынын атайын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Панкратион федерациясынын президенти болгон, кайталангыс инсан Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. Анын киноматографиядагы чыгармачылык эмгеги 15 жашында мамлекеттик циркте иштеп жүргөндө башталган. Он алты жашында "Жамийла" тасмасына актёр-каскадёр катары тартылып, Сейиттин бир аттан экинчи атка сыйыртмак салып минген жериндеги эпизодду аткарган. Андан кийин Кыргызфильмде, Мосфильмде бир топ чоң эмгектерди жаратууга жетишкен. Тактап айтканда, отуз жылдан ашык тасма талаасында эмгектенип, 150дөн ашык фильмге тартылган. Дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүн кыдырып, актёр-каскадёр, трюктарды тартуу боюнча режиссёр коюучу катары иштеп келген. Үсөн Кудайбергеновду "Юность гения" аттуу өзбек фильмде 27 метр бийиктиктеги жардан ат үстүндө 1,5 метр бийиктиктеги Сыр-Дарыяга секирген трюк жасаганы үчүн Гиннес китебине киргизишкен. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин "Мыкты каскадёр" деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты он каскадёрдун бири болгон. Бул үчүн Үсөн Кудайбергенов каскадёрлордун "Ардактуу куру" сыйлыгын алган. Өзүнүн кинодогу эмгек жолунда бир топ иштерди жасап, мурдагы Советтер Союзундагы бардык киностудиялар жана чет өлкөдөгү киностудиялар менен кызматташкан.
Бала кезинен тартып өз ишине өзгөчө мамиле жасап, ар бир эмгегин эргүү менен аткарып келген Үсөн Кудайбергенов кыргыз каскадёрлор мектебин ачып, ар улуттун атуулдарын чогултуп тарбиялаганга да жетишкен. Анын эң акыркы эмгеги "Көчмөндөр" аттуу казак тасмасында каскадёрлор үчүн сценарий жазып, голливуд актёрлору Марк Декаскос жана Эрик Норристер менен биргелешип иштешкени болгон.