30- Апрель 1924 -жылы
Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңеши Кара-Кыргыз илим комиссиясын уюштуруу туурасында чечим чыгарган
Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңеши Кара-Кыргыз илим комиссиясын уюштуруу туурасында чечим чыгарган. Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешинин чечиминде, кара-кыргыздардын кыргыз-казактардан тили, маданияты жагынан айырмасы бар экендиги белгиленет. Кара-Кыргыз илим комиссиясы Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешине баш ийип, анын төрагалыгына таанымал агартуучу Ишеналы Арабаев дайындалган. Ушул эле жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз илим комиссиясы Академиялык борборго айланган.