25- Октябрь 2008 -жылы Азербайжандык опера ырчысы Муслим Магомаев дүйнө салган
СССРдин Эл артисти, азербайжандык опера ырчысы Муслим Магомаев 66 жашында жүрөк оорусунан көз жумган.
Муслим Магомаев 1942-жылы 17-августта Баку шаарында туулган. Апасы Айшет Магомаева актриса, чоң атасы Муслим Магомаев белгилүү композитор болгон.
Советтик доордун алтын добушу аталган Магомаевдин чыгармачылык чыйыры эрте башталган. 1962-жылы 19 жашында Москвада өткөн азербайжан фестивалында ырдап чыккан. Бир жылдан кийин ал “Бухенвальд коңгуроосун” аткарып, зор өлкөнүн жылдызына айланган. Дал ушул ырдан соң Муслим Магомаев советтик артисттерден биринчи болуп Миландагы Ла-Скала театрына тажрыйба алмашууга жиберилген.
Муслим Магомаевдин сахнадагы доору 40 жылдан ашуун убакытка созулуп, ушул мезгил аралыгында 600гө жакын ар кандай чыгармаларды аткарган. Өзү композитор болгондуктан, 20га жакын музыкалык чыгарма жазууга үлгүргөн.
Муслим Магомаев 1998-жылы сахна менен биротоло коштошуп, өмүрүнүн калган убактысын жакындары менен өткөргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан