1- Декабрь 1743 -жылы
немис химиги Мартин
Клапрот туулган
Уран, цирконий, титан, церий жана теллур химиялык
элементтерин ачкан немис химиги Мартин
Клапрот Вернигероддо туулган.
Ал дарыканачы болуп иштеген. 1771-жылы Берлинге көчүп келип, 1787-жылы Артиллериялык академияга химиядан сабак берүүгө чакырылган. 1810-жылы Берлин университетинин профессору, полиморфизмди алгачкы ачкандардын бири болгон. 1798-жылы кальцит жана арагонит минералдары бирдей химиялык курамга ээ экенин далилдеген.
Клапроттун негизги иштери 200дөй. Анын атынан Айдагы кратердин аты коюлган.