12- Декабрь 2014 -жылы
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков кызматтан алынган.
Башкы прокуратура 2014-жылы 26-ноябрда 24 абитуриентти мыйзамсыз түрдө университетке кабыл алганы үчүн билим берүү жана илим министриКанат Садыковдунжоопкерчилигин кароону өкмөткө сунуштаган. Канат Садыковдун кайрылуусу, буйругу менен окуу жайдын жетекчиси 24 абитуриентти университеттин медициналык факультетине кабыл алууга буйрук чыгарганы айтылган. Жеке текшерүүдө аталган 24 абитуриенттин тестирлөөдө төмөн балл алышканы белгилүү болуп, 12-декабрда Билим берүү жана илим министри Канат Садыков кызматтан алынган.