1- Август 2014 -жылы
Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов бардык беренелер боюнча акталган
Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышкан. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган. И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан.