7- Ноябрь 1967 -жылы
Француз ди-джейи Дэвид Гетта төрөлгөн
2002-жылы Д.Гетта Don't Let Me Go», «Distortion», «People Come People Go» ырларын жана 250 миң экземплярдагы «Just A Little More Love» ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул мезгилден тарта анын кийинки эмгектери миллиондогон тираж менен чыгып, дүйнө жүзүнө популярдуу музыкант, ди-джейге айланган.
2009-жылдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында Д.Гетта дүйнө жүзүндөгү 3-ди-джей аталган. Ал эми учурда Д.Гетта жер жүзүндөгү эң мыкты house-ди-джей болуп эсептелет. Атасы еврей улутунан болгондуктан, Д.Гетта өзүн франциялык еврей деп эсептейт. Ди-джейдин музыкалары Кристиан Диордун коллекциясынын мода көргөзмөлөрүндө коюлган.