10- Август 1960 -жылы Испаниялык актёр Антонио Бандерас туулган
Голливудда болуп көрбөгөндөй атакка ээ болгон алгачкы испаниялык актёр Антонио Бандерас туулган. 
Анын кино жаатындагы дебюту 1982-жылы "Кумарлар лабиринти" аттуу тасмада болгон. 1985-жылы "Матадор" тасмасына тартылып ийгиликке жетишкен. 1990-жылдары Бандерас өзүнүн өлкөсүнөн тышкары да тасмаларга тартылууну көздөп "Мамбо падышалары" тасмасына тартылган. "Филадельфия" тасмасында ойноп Голливудда биринчи олуттуу кадам таштаган. Андан соң "Вампир менен интервью", "Төрт бөлмө", "Айласыз" аттуу тасмаларга тартылган. Акыркы тасма Бандерасты дүйнөгө тааныткан. "Эвита" жана "Зорронун бет кабы" тасмаларындагы ролу үчүн "Алтын глобуска" көрсөтүлгөн. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан