25- Август 1930 -жылы Англиялык жана америкалык актёр Шон Коннери туулган
Англиялык жана америкалык актёр Шон Коннери Шотландиянын Эдинбург шаарында туулган. "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, "BAFTA" сыйлыгынын эки жолку ээси, "Алтын глобус" сыйлыгынын үч жолку лауреаты Шон Коннери 70тен ашууна тасмада роль жараткан. Алардын ичинде Ян Флемингдин чыгармасынан улам тартылган 7 тасмада (тартылган жылдары –1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983) Шон Коннери Жеймс Бонддун образын жараткан.
Шон Коннери Бондиананын алгачкы тасмасы болгон “Доктор Но” тасмасында Бонддун ролуна тандалып алынып, 6 миң фунт өлчөмүндөгү гонорар алган. Бонддун ролу ага даңк, байлык эле эмес, чыгармачылык түйшүк да тартуулаган. Ролдон эки жолу баш тартып, бирок кайра тартылууга аргасыз болгон. “Эң мыкты Бонд ким?” деген сурамжылоо жүргүзүлгөндө ар жылы биринчиликтен Шон Коннери түшпөй келген.
Жарым кылымга созулган актёрлук карьерасын Шон Коннери 2003-жылы жыйынтыктаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан