30- Август 1972 -жылы Америкалык модель жана актриса Камерон Диас төрөлгөн
Америкалык модель жана актриса Камерон Диас АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Диего шаарында төрөлгөн. 
Америкалык сүрөтчү Жеф Дюнас Диасты кечелердин биринен көрүп, "Elite" аттуу моделдик агенттикке чакырат. Ойлонбостон сунушту кабыл алган Камерон бир күндүк сүрөткө тартылуудан эле 2 миң доллар тапкан. Ошол күндөн баштап Камерондун моделдик кесипте тушоосу кесилет.
Ошол учурда болгону 16 жаштагы Камерон Диас Америкада учурунда популярдуу болгон "Mademoiselle", "Seventeen" журналдарына, "Сalvin Klein" мода үйүнүн, "Levi’s" жана "Coca-Cola" компанияларынын жарнактарына тартыла баштайт. Белгилүү компаниялар менен иштешүүдө Камерон капчыгын гана кампайтпастан, атактуулук да арттыра алган. Мунун артынан модель кыялындагы жерлерге саякаттай баштайт. Япония, Австрия, Франция, Мексика өлкөлөрүн кыдырып келген Диас 1990-жылы гана Голливудга барган. Мындай чечимге Голливуддагы белгилүү продюсер Карлос де Ла Торр менен болгон сүйүүсү түрткү болгон. Бирок экөө 1995-жылы эле эки айрылыш жолго түшүшөт. Ал эми Камерондун чындап Голливудга оор салмак менен отурушу 1994-жылы Жим Кэрринин катышуусундагы "Бет кап" ("Маска") тасмасында Тина Карлайндын ролун жаратуудан башталат. 
Аталган тасма жарыкка чыгары менен мыкты тасмалардын катарына кирген. Андан 3 жылдан соң Жулия Робертс менен биргеликте "Эң жакын достун үлпөт тою" ("Свадьба лучшего друга") тасмасында роль жараткан. Бирок экинчи эмес, биринчи катардагы актрисалардын катарына 1998-жылы эл сынына коюлган "Мэри үчүн акылынан адашкандар" ("Все без ума от Мэри") аттуу тасмадан кийин кошулган. Ал эми гонорары эң көп актрисалардын катарына кошулууга "Чарлдын периштелери" ("Ангелы Чарли") тасмасы түрткү болгон. 
2009-жылдын 23-июнунда Голливуддагы Даңк аллеясына Камерон Диастын аты түшүрүлгөн №2386-жылдыз кошулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан