8- Декабрь 1844 -жылы Франциялык ойлоп табуучу, мугалим Эмиль Рено туулган
Биринчи мультипликациялык тасманын жаратуучусу, франциялык ойлоп табуучу, мугалим Эмиль Рено Монтрёйдо туулган. 1858-жылдан баштап ал опиткалык инструменттерди оңдоону үйрөнө баштаган. Париждеги Адам Саламон аттуу сүрөтчү-портретисттин ассистенти болуп иштеген.
1876-жылы Рено айланган барабанга оролгон кагаз лентасындагы сүрөттөрдү көрүүгө праксиноскопту ойлоп тапкан. Сүрөт күзгүдө көрүнчү. Эки жыл өткөн соң аны сүрөттү экранда көрсөтө тургандай кылып жасаган. 
Эмиль Рено 1918-жылы 9-январда Иври-сюр-Сен шаарында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан