14- Ноябрь 1984 -жылы
эстрада ырчысы Бекчоро туулган
“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2009-жылдын стилдүү ырчы мырзасы” аталган ырчы Асыранкул уулу Бекчоро Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. Алгач Бишкектин кафелеринде иштеп жүрүп, кийин чыгармачылыкка аралаша баштаган. Радиого эң биринчи "Мен үчүн белең?" аттуу ыры менен чыккан. Филармонияда вокал бөлүмүн бүтүрүп, Семетей Мырзаканов, Нурлан Мамакеев аттуу продюсерлер менен иштешкен.