25- Октябрь 1864 -жылы Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылганов туулган
Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылганов Ош облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. Он үч жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгачкы ырлары "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" аттуу жана башка көптөгөн ырларды аткарган. Кийинчерээк акын "Эмне кызык", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен калпаларды сындаган көп ырлары бар. 1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган, анда жүргөндө: "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагын", "Качып келе жатканда" жана башка ырларды чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Энсеген элим аманбы", "Апакем аман барсыңбы" жана башка ырларды ырдаган. Октябрь революциясынан кийин жаны түзүлүштү даңазалаган. Токтогул айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган. 1933-жылы 69-жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан