26- Ноябрь 1683 -жылы Кашка бектин уулу Кубат князь Иван Борисович Репнин менен жолугушкан
Эне-сайлык кыргыздардын башчысы Эренактын кол салуулары красноярскдыктарды тажатып, алар башчыларынан Эренакты тыйып, анын жерине сепил курууну суранышат.
1669-жылы Эренак орусиялык өкмөт менен мамилени жакшыртууну максат кылат. Анын аскерлери орусиялык салыкчыларды кармап алышат. Эренак өзүнүн мурунку кыштымдарын кайтарып берүү талабы менен аларды коё берет. 1672-жылы орусиялык аскер башчысы Сумароков кыргыздарга Орусиянын букарасын кабыл алууну сунуштаган. Бул сунуштан Эренак баш тартып, кыштымдардын салыгын талап кылган.
1678-жылы Эренак Орусия менен келишим түзүп, тынчтык орнойт. Бирок орусиялыктар максатына жетпегендигине нааразы болушат. Бул келишимден кийин орусиялыктар кыргыздарга кол сала турган болушат, бирок Эренак аларга биринчи болуп кол салат. 1680-жылы кайрадан келишим түзүшөт.
1682-жылы орусиялык аскерлер кыргыздарды тыйып, алардын жерине сепил куруу максатында кол салышат. Эренак орусиялык аскерлерге туруштук берип, аларды кубалап чыгат. 
1683-жылы Орусиядан кыргыздарга элчилик келет. Элчиликтин талаптарынын көбүнө Эренак макул болбой, Москвага өзүнүн элчилигин жиберет. Кыргыз элчилигинин башында турган Кашка бектин уулу Кубат князь Иван Борисович Репнин менен 1683-жылы 26-ноябрда жолугушат.
Кыргыздын элчиси буга чейин болгон согуштардын баарына орусиялыктарды күнөөлөп, колго түшүрүлгөн аскер олжолорун кайтарып берүүгө макул болушкан, бирок сепил тууралуу сүйлөшүүгө укугу жок экенин билдирген. Салык тууралуу маселе чечилбей калган. Кубат элчи кыштымдардан мурунтан салык чогултуп жүрүшкөнүн айткан. Кубат элчинин жардамы менен түзүлгөн келишимден кийин Эренак Орусиянын букарчылыгын алган кыштымдарынан дагы салык чогултуп ала бермей болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан