27- Ноябрь 1943 -жылы Кыргыз Республикасынын УККнын экс-төрагасы Таштемир Айтбаев төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын УККнын экс-төрагасы Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975-1990), генерал-майор (1997). 1967-жылы Москвадагы Бауман атындагы техникалык жогорку окуу жайын бүткөн. Эмгек жолун 1961-жылы Москва шаарындагы И.А.Лихачев атындагы заводдо слесарь-ширетүүчү болуп иштөө менен баштаган. 1969-1978-жылдары комсомолдук кызматта, 1978-1982-жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1-катчысы, 1982-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын 1-орун басары, 1986-1995-жылдары партиялык, жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал эми 1995-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. Ардак белгиси ордени менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан