29- Октябрь 1948 -жылы 5-чакырылыштагы “Ар намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов туулган
5-чакырылыштагы “Ар намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар намыс” партиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын 10-премьер-министри, генерал-лейтенант Феликс Кулов Фрунзе шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1971-жылы СССР ИИМнин Омск жогорку мектебинен жогорку юридикалык билимге ээ болсо, 1978-жылы Москва шаарындагы СССР ИИМнин академиясын “башкарууну уюштуруу” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1966-жылы Фрунзе шаарынын ИИБинин өзүнчө полкунун ыкчам взводунда милиционер болуп иштөөдөн баштаган. СССР ИИМинин Омск жогорку мектебин бүтүргөндөн кийин, 1971-1975-жылдары Кыргыз ССР ИИМнин кылмышкерлерди издөө башкармалыгында наркоманияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмдүн инспектору, “А” бөлүмүнүн улук инспектору болуп иштеген.
1978-1980-жылдары – Кыргыз ССР ИИМнин кылмышкерлерди издөө башкармалыгында бөлүмдүн начальниги,
1980-1984-жылдары – Талас областтык ИИБнин начальнигинин орун басары, ал эми 1984-1987-жылдары начальниги болуп иштеген.
1987-1991-жылдары – Кыргыз ССР Ички иштер министринин орун басары,
1991-1992-жылдары – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болсо, 1992-жылы Кыргыз Республикасынын вице-президенти болуп дайындалган.
1993-1997-жылдары Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматында иштеген.
1997-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министри,
1998-1999-жылдары – Бишкек шаарынын мэри болгон.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 5, 6-бөлүктөрү (кылмыш жасоого көкүтүү жана көмөктөшүү), 315-беренеси (кызматтык жасалмалоо), 304-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасады деп айыпталып, камакка алынган. 2001-жылы Бишкек гарнизонунун аскердик соту аны 7 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен өкүм чыгарган. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими менен толук акталган. Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп саясый жүйө боюнча соттолгон адам деп таанылып, ага тагылган айыптар боюнча аны БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясы өз чечими менен күнөөсүз деп тапкан, бул кадыр-барктуу эл аралык орган ага келтирилген моралдык, дене-күчтүк жана материалдык залалдарды компенсациялап берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн милдеттендирген. Бирок, ал учурда Премьер-министр болуп тургандыктан, өзү башкарган Өкмөткө муну жүктөөнү этикага жатпайт деп эсептеген.
2005-жылдан тарта биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткарган, ошол жылдын сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна бекитилген.
2008-жылдан – Кыргыз Республикасынын Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорунун дирекциясынын жетекчиси,
2009-жылдан – Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча Борбордук агенттигине караштуу Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорунун дирекциясынын директору болгон.
2010-жылдын октябрь айында “Ар Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин “Ар Намыс” парламенттик фракциясынын лидери, “Ырыс алды – ынтымак” парламенттик көпчүлүк коалициясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
СССРдин “Ардак Белгиси” ордени, үчүнчү даражадагы “Кынтыксыз кызматы үчүн”, “Мамлекеттик чек араны кайтаруудагы артыкчылыгы үчүн”, “Даңк”, “Манас - 1000” медалдары менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан