6- Декабрь 2006 -жылы
“Манас” аэропортунда америкалык аскер кызматкери айдоочу Александр Ивановго карай ок аткан
Бул күнү саат 15.00дө «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Америка Кошмо Штаттарынын Аскер-аба күчтөрүнүн аскер кызматчысы, Ганси атындагы авиабазада кызмат өтөгөн
Закари
Хэтфилддин катышуусу менен кайгылуу жаңжал болуп өткөн. Ал белгисиз себеп боюнча табелдик куралынан 1964-жылы туулган, авиабазада май куюу кызматтарын көрсөтүүчү «Аэркифт Петрол Менеджмент» ЖЧКсынын айдоочусу, Кыргыз Республикасынын жараны Александр Степанович Ивановду атып жиберген. Алган жарааттардын натыйжасында А.С.Иванов ооруканада каза болгон.
2007-жылы 7-майда бул тууралуу кылмыш иши расмий түрдө аяктаган. Башкы прокуратура Закари Хэтфилдди күнөөлүү деп тапкан, бирок АКШнын аскерлери чет өлкөдө кылмыш кылышса, башка өлкөнүн юрисдикциясына алынбаганына байланыштуу АКШ Закари Хэтфилдди Кыргызстанга берген эмес. Ал 2007-жылы 22-мартта мекенине жашыруун кайткан.