10- Декабрь 1901 -жылы “Нобель” сыйлыгы алгачкы ирет тапшырылган
Нобель сыйлыгы - жыл сайын берилүүчү эл аралык сыйлык. Ал швед инженер-химиги, ойлоп-тапкыч Нобель Альфред Бернхард тарабынан белгиленген.
Нобельдин керээзи боюнча калган казынасынан "Нобель" фондусу түзүлгөн (31 миллиондон ашык швед крону). Бул каражат акцияга, заёмго жана облигацияга айландырылып, алардан түшкөн киреше тептеӊ бешке бөлүнөт да, "Нобель" сыйлыгы катары физика, химия, физиология же медицина жана адабият жаатындагы мыкты эмгектин авторлоруна жана тынчтык чыӊдоого эмгеги өткөндөргө берилет. 1968-жылы Швециянын мамлекеттик банкы өзүнүн 300 жылдык тоюнда Нобелдин урматына жыл сайын экономика илими жаатына да берилчү сыйлык бекиткен. 
"Нобель" сыйлыгы Альфред Нобелдин сүрөтү бар алтын медаль, диплом жана акчадан (30-70 миӊ доллар) турат.
"Нобель" сыйлыгын ыйгаруу А.Нобельдин керээзине ылайык Стокгольмдогу Падышалык Илимдер Академиясына (физика, химия, экономика боюнча), Падыша Каролин медициналык хирургия институтуна (физиология же медицина боюнча) жана Швед академиясына (адабият боюнча), Норвегия парламентинин "Нобель" комитетине (тынчтыкты чындоо иши боюнча) тапшырылган. "Нобель" сыйлыгы кандидаттардын расасына, улутуна, динине жана жынысына карабастан ыйгарылат. "Нобель" сыйлыгынын тынчтыкты чындагандарга берилчүсүнөн башкасы бир кишиге бир гана жолу берилет. Өтө баалуу ийгилик жаратышканы үчүн М.Склодовская-Кюри (1903, 1911), Л.Полинг (1956, 1972) гана эки ирет берилген. Кандидаттар жеке адамдар гана ("Нобель" сыйлыгынын лауреаттары) тарабынан көрсөтүлүп, кийинки жылдын 1-февралына чейин тийиштүү комитеттерге жиберилет. Көрсөтүлгөн иштерди талкулоо жана аларга добуш берүү өтө жашыруун өтөт. Басма сөзгө "Нобель" сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү чечим менен мотивировка гана жарыяланат. Даттануулар чечимге таасир тийгизе албайт жана чечим жоюлбайт. "Нобель" сыйлыгын тапшыруу салтанаты 10-декабрда, Нобель каза болгон күнү, Стокгольм менен Ослодо өткөрүлөт. Салт боюнча Швед падышасы Стокгольмдо лауреаттарга алтын медаль тапшырат, ал эми Норвегия падышасы Ослодо салтанатка катышып отурат. "Нобель" сыйлыгынын жаӊы лауреаты алты ай аралыгында Стокгольмдо же Ослодо өз тематикасы боюнча лекция окууга тийиш. "Нобель" сыйлыгы 1901-жылдан баштап бериле баштап, 1978-жылга чейин 340тан ашуун адамга ыйгарылган.
"Нобель" сыйлыгынын атактуу лауреаттары: В.Рентген (1901), М.Планк (1918), А.Эйнштейн (1921), Н.Бор (1922), П.Дирак, Э.Шрёдингер (1933), Ф.Ферми (1938), М.А.Шолохов (1965) ж.б.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан