7- Февраль 1954 -жылы немис музыканты, композитор Дитер Болен туулган
Немис музыканты, композитор, 1980-жылдары белгилүү болгон “Модерн Токинг” тобунун жетекчиси Дитер Болен Германиянын Олденбург шаарында инженер-гидротехниктин үй-бүлөсүндө төрөл­гөн. Мектепте башталгыч класстарда эң мыкты окуучу болуп, тилекке каршы, кийинчерээк жеңил баңгизатка берилип кеткен деген да кабар бар. Окуучулук кезинде мугалимдери менен тил табыша албай көп чыр-чатактарды чыгара бергендиктен, атасы уулун жаза катары мектеп-интернатка өткөзүп салган. Бирок акыркы класстарда жакшы окуп, Геттинген университетинин экономика факультетине тапшырган жана 1978-жылы бул кесиптин ээси болуп, колго диплом алган. Музыка дүйнөсүнө эрте келип, бардык аспаптарда кол ойноткону менен, студент кезинде гана биринчи ирет чакан публика алдына чыга баштаган. Музыкага өтө берилгенин бир жыл ичинде ар кандай стилде жазылган 200 ырынан байкаса болот. Рок жанрына кызыккандыктан бул жаатта да ыр жазып, чачын ошол убакта өстүргөн. 1983-жылы алгачкы жолу шериги Томас менен биргеликте чоң сахнадан жылдызы жанган. Ушул жылдан тартып, дүйнөлүк атак-даңктын туу чокусун багындырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан