16- Апрель 1974 -жылы
Веложарышчы Евгений Ваккер туулган
Веложарышчы Евгений Ваккер Фрунзе шаарында туулган. Бала чагы Фрунзе шаарында өткөн. Велоспортко токтолгуча спорттун бардык түрү менен машыгып көргөн. Профессионал катары 15 жашынан баштаган. Спортчу талыкпаган эмгектин аркасынан көптөгөн ийгиликтерди багындыра алган. Евгений Ваккер Азия чемпиондугунун 4 жолку алтын, 3 жолку күмүш медалчысы жана Азия оюндарынан 5 жолу күмүш медаль тагынган.