40 жылдан ашык убагын психоанализдин теорияларын түзүүгө короткон. Фрейдди окумуштуу жана кыраакы деп атап, илимдин жаңы багытынын негиздөөчүсү катары билишет. Анын аты менен адамдын психикасындагы эси жоктукту байланыштырышат.
1938-жылы Австрияга кирген улутчулдар анын паспортун, менчигин жана китепканасын тартып алып, туткундашкан. Эл аралык психоаналитика коому Фрейдди алып чыгууга аракет кылган, бирок улутчулдар ал үчүн акча сурашкан. Анын бейтабы канбийке Мария Бонапарт 100 миң шиллинг төлөгөн. Фрейддин үй-бүлөсү Лондонго көчкөн. Ал эми анын 4 бир тууганы газ камераларында каза болушкан.
Зигмунд Фрейд 1939-жылы 23-сентябрда каза болгон.