28- Май 1965 -жылы 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Алымбеков туулган
5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Алымбеков Баткен облусунун Баткен айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1987-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча бүтүргөн. 1990-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын экономика институтунун аспирантурасында окуган. 1992-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "укук таануучу" адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолун 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде жетектөөчү адис катары баштаган. 1994-жылдын январынан 1995-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин жардамчысы болуп иштеген.
1995-1997-жылдары – Жалал-Абад бажы инспекциясынын инспектору, 
1997-1999-жылдары – "Бакай" АКнын Жалал-Абад филиалынын директору, 
1999-2000-жылдары – "Кыргыз тамекиси" ГАКнын "Айып-Булак" АКсынын төрагасынын орун басары, 2000-жылдан – башкармасынын төрагасы,
2005-жылдын апрелинен 2006-жылдын майына чейин – Ош шаарында "ЖБИ-20" ЖАКнын аткаруучу директору, 
2006-2008-жылдары – Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин аппарат жетекчиси болуп иштеген.
2010-жылдын ноябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитетинин төрагасы болгон. 2012-жылдан тарта Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик кызматтын I класстагы кеңешчиси. Экономика илимдеринин кандидаты.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан