25- Июнь 1968 -жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев туулган
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы, грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча федерациянын президенти Арзыбек Кожошев Ош шаарында туулган. Ал Ош мамлекеттик университетин жана КУУну бүткөн. 1996-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинде башкы адис, бөлүм башчы, башкармалыктын башчысы, 2007-жылдан тартып министрдин орун басары болуп иштеген. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти, 2009-жылы президент болуп шайланган. 2019-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалган.