Улуттук илимдер академиясынын академиги, премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атасы Кайып Оторбаев 92 жаш курагында дүйнө салды.
Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Кемин районунун Тегирменти айылында төрөлгөн. 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын автору. К.Оторбаев бир катар сыйлыктардын, медалдардын жана Ардак грамоталардын ээси. Алардын ичинде Кызыл Жылдыз ордени, "Эрдик үчүн" медалы, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгени үчүн" медалы бар.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын белгилүү илимпозу Кайып Оторбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.