Бүгүн, 3-мартта Москвада киши колдуу болуп каза тапкан оппозициялык саясатчы
Борис Немцов менен коштошуу зыйнаты өтүүдө. Б.Немцовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына маркумдун жакындары, саясатчылар келишти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү оппозициялык саясатчы Борис Немцовду 28-февралга караган түнү Кремлдин жанынан ак түстөгү унаадан белгисиз адам чыгып, тапанча менен төрт жолу атып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан.
Борис Немцов өлтүрүлгөндөн кийин Орусиянын бир катар шаарларында, Европа өлкөлөрүндө жана Бишкек шаарында саясатчынын элесине гүл коюу менен нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр орун алды.