"Бүбүмариям Муса кызы 10 томдук "Айкөл Манас" китебин порнографияны аралаштырып жазган" дешет активисттер

Бүбүмариям Муса кызы "Манасты" бурмалоодо”,- деп билдирди “7-апрель күчтөрү коомдук бирикмесинин мүчөсү Чынара Жамгырчиева. Бул тууралуу 4-мартта Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, Бүбүмариям Муса кызы белгисиз бирөөлөрдүн каражаты менен “Айкөл Манас” деген 10 томдук китеп чыгарып, кыргыз мамлекетине акысыз таратып жиберген. “Бул китеп менен "Манастын" буга чейинки варианттарын жокко чыгарып, "40 чоронун бири Жайсаңдын арбагы менен түшүмдө сүйлөшүп жазганмын" деп коомчулукка таркатып жиберген. Бул китепти окуу куралы катары колдонууга экс-министр Канат Садыков тарабынан кол коюлган экен. Азыр китеп Кыргыз-Орус Славян университетинде колдонулуп жатат. Китеп 2011-жылы чыкканда экс-президент Роза Отунбаева каршы болуп, китеп басмаканадан артка кайтарылган, кийин аталышын өзгөртүп басмаканадан чыгарып жиберишкен. Ошондой эле китепке порнографияны аралаштырып жазган. Азыр мен аны айтып берүүдөн уялам. Андан сырткары Бүбүмариям Муса кызы түшүндө Жайсаң менен орусча сүйлөшүп жазыптыр”,- деди Жамгырчиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Мэри
2015-03-04 23:19:09
8.
2013-жылды "Манас" жылы деп жарыялоо өтүнүчү Кыргыз Республикасынын Президентине жана Жогорку Кеңешке жиберилсин.
Кыргыз элинин рухий саламаттыгынын баштапкы жана эң орчундуу булагы болуп эсептелген "Манас" эпосун бурмалоолорго жана анын атынан башка бир чыгармаларды сунуш кылууга жол берилбесин. Мындай аракеттер улуттун рухий коопсуздугуна шек келтирген кадам катары баалансын."Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, М.Чокморов, Ш.Азизов (ж.б.) салттуу варианттарын калың элге жеткидей нускада бастырып чыгаруу иши колго алынып, аны каржылоо ишине көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
0
Мэри
2015-03-04 23:20:25
9.Салттуу варианттардын негизинде үчилтиктин кыскартылып бириктирилген жана калың элге жеткиликтүү боло турган вариантын түзүп (белгилүү адистер тарабынан), көп нускада бастырып чыгаруу максатка ылайык деп табылсын.
Манас таануу сабагы орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында С.Орозбаков жана С.Каралаев сыяктуу залкар манасчылардын классикалык варианттары боюнча гана окутулсун.
+1
Мэри
2015-03-04 23:22:33
10.
"Манас" эпосунун классикалык үлгүлүү варианттарын башка тилдерге которууда бурмалоолорго жана кошумчаларга жол берилбесин.
"Манас" эпосунун классикалык үлгүлүү варианттарын ар тараптуу жана терең изилдөө иштерин күчөтүү максатында КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун алдында "Манас таануу борборун" кайра ачып, зарыл каражат жана кадрлар менен камсыздоо жагы КР Өкмөтүнөн суралсын.
0
Мэри
2015-03-04 23:24:03
11.
Кыргыз-Орус Славян университетинде автордук коллектив тарабынан жазылган "Манасоведение" аттуу окуу куралын колдонуудан алып салуу жагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
Массалык маалымат каражаттарында жана коомдук телерадиоканалдарда Манастын ысымын туш келди пайдаланып, иш жүзүндө эпостун аброюн тебелеп- тепсеген материалдарды текшерүү, чындыгын далилдөө иштерин жүргүзүү мамлекеттик тиешелүү органдардан суралсын.
+1
Мэри
2015-03-04 23:25:34
12.
Манас таануу сабагын Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" ("Жайсаң") аттуу маани-маңызы бузук, салттуу эпосту өлчөөсүз бурмалаган чыгармасы боюнча өтүүгө таптакыр тыюу салынсын.
Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" китебин орто мектептердин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын китепканаларында ачык колдонуудан алып салуу жагы КР Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
+1
Мэри
2015-03-04 23:27:10
13.
Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" китебин мамлекеттик телерадиоканалдарда, гезит-журналдарда пропагандалоо ишине тыюу салынып, көзөмөл жүргүзүү жагы тиешелүү бийлик органдарынан суралсын.
Бүбүмариям Муса кызынын кайыптан алып жазылды делинген "Айкөл Манас" китеби "чыныгы "Манас" эпосу же анын варианты, "анда айтылгандар чыныгы кыргыз тарыхы" деп "Манас" эпосу жөнүндөгү" мыйзамга карама-каршы келген көз караштарды жайылткандар жоопко тартылсын.
0
Мэри
2015-03-04 23:28:42
14.
Ушул бузук чыгарманы жаратып, жайылтууга активдүү катышкан "Кылым көчү" аттуу коомдук бирикменин ишмердүүлүгүн текшерүү иши КРнын тиешелүү мамлекеттик органдарынан суралсын.
Ушул он томдукту элге сиңирүүгө чоң салым кошуп, идеологиялык жактан камсыздап келген Саентология борборунун ишмердүүлүгүн текшерүү иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү бийлик органдарынан суралсын. (Мындай борбор Казак Республикасында жана бир катар чет өлкөлөрдө зыяндуу уюм катары жабылган).
0
Мэри
2015-03-04 23:30:53
15.
"Айкөл Манас" китебин бир нече жолу көп нуска менен басып чыгарып, басымдуу бөлүгүн бекер тараткан "Бийиктик" басмаканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү тиешелүү органдардан суралсын.
0
Мэри
2015-03-04 23:32:41
16.
"Кылым көчү" бирикмесинин активдүү мүчөсү кинорежиссёр Э.Абдыжапаровдун саентологиячыл, мунчул көз карашын тиешелүү органдар далилдесе, ошондой эле анын КТРКнын берүүлөрүнө катышы бар экендиги текшерилип, жайсаңчылардын иш-аракеттерин жайылтууга тиешеси бар экендиги аныкталса, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгаруу маселеси Жогорку Кеңештен суралсын.
0
Мэри
2015-03-04 23:34:18
17.
"Айкөл Манас" он томдугун тынымсыз элге сиңирүүгө аракет кылган "Манас жаңырыгы" телерадиокомпаниясынын ишмердүүлүгүнө "Элдин рухий саламаттыгы сакталуудабы?" деген көз караштан укуктук баа берилсин.
"Манас" эпосу боюнча олуттуу маселелерди талкуулоо максатында 2012-жылдын октябрь-ноябрь айларында жалпы республикалык симпозиум өткөрүлсүн.
0
Мэри
2015-03-04 23:35:59
18.
Жогорку билим жөнүндөгү мамлекеттик стандартка "Манас таануу" адистигин мамлекеттик компонент катары киргизүү КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен суралсын.
0
Мэри
2015-03-04 23:48:50
19.Резолюция конференциянын катышуучуларынын абсолюттук көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынды.
Жакиев Бексултан
Кыдырбаева Раиса
Садыков Абдыкадыр
Даутов Кадыркул
Өмүрканов Анатай
Дүйшеев Шайлообек
Абакиров Курманбек
Абакиров Мелис
Сооронов Омор
Тургуналиев Топчубек
Биялиев Абак
Жайнакова Айнек
Нурушев Эсенбай
Мусаев Сыртбай
Байжигитов Калыбек
Алахан Садык
Чоротегин Тынчтыкбек
Мукасов Мурат
Медетов Аскар
Турдубаева Назгүл
Исаева Сайрабүбү (238 адам кол койгон)
0
Мэри
2015-03-05 00:07:03
Ушундай конференция болуп, резолюция кабыл алынган эле, бирок бул иштин жыйынтыгы кандай болгонунан кабарым жок, тилекке каршы.
Бул китептин авторун,аны чыгарууга көмөктөшкөн адамдарды сектанын мүчөлөрү,ошолор каржылайт, ошон үчүн кыргызга, Манаска тиешеси жок нерселер аталган китепте камтылып калган деп айтылат.
Мисалы, 10 томдук чыгыптыр, ар бир томдугу эле 1000 нускадан кем эмес болсо, 10 томдукту эсептеп көргүлө, канча болот,аны басууга эле канча каражат керек...
0
Мэри
2015-03-05 00:22:17
Китептин бирин окуп баштап, эмнегедир окуй албай койгом, тартпай койгон, анда мындай чуу боло элек, "тынч заман" болчу.Китептин арасында Арууке, дагы бир канча "Манастагы" каармандардын "сүрөттөрү" бар эле, ал автордун көзүнө көрүнүп, анан тарткан имиш. Чынын айтсам,ал сүрөттөрдү көргөндө коркосуң,"Арууке кантип эле ушундай болсун?" деген ой келген мага, анткени сулуу эмес, коркунучтуу берилген.Китепти окуп баштай электе эле сүрөттөрү мени ойлондуруп, окубай койгонума да себеп болгон го дейм.
0
Мэри
2015-03-05 00:34:43
Ушул улуу Манасыбызды да жөн койбой, ага бир нерселерди "чаптап", андан пайдалангысы келгендер, кыргызды садага чапкысы келгендер, аларга баары бир экени ойлондуруп келген.Бактыга жараша,аны өз учурунда байкап, ага билими, күчү жеткен инсандарыбыз аларды ооздуктай алды го деп ойлойм.
Ал эми бүгүнкү маалымат жыйынын бергендер бул боюнча кабары жок окшойт деп калдым,балким, ушуларды окуп маалымат алышар.Же Бүбүмариям ишмердүүлүгүн дагы эле улантып жатканбы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан