Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз өлкөсүнүн курамасы Венгрияда өткөн "Гран-При" мелдешинде медаль ута алган жок

Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Венгрияда өткөн "Гран-При" мелдешинде байгелүү орунга илинген жок. 7-8-мартта өткөн мелдеште 9 балбан өлкөнүн намысын талашкан. Бул тууралуу Эл аралык күрөш федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анда түрдүү салмак категорияларынан венгриялыктар 4 алтын медаль камсыздашса, Япония, Хорватия, Сербия жана Америка бирден алтын медаль багындырды. Ал эми кыргыз балбандары бул мелдеште байгелүү орунга илинбей калышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aibek0001
2015-03-10 16:09:55
эмисинде аласынар, кыргызымда грек рим курошуу онугушун каалайт элем, анткени бул курош боюнча тажрыйбам бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан