Казань шаарында өрттөнүп кеткен соода борборунда каза тапкан кыргыз айымдын аты-жөнү такталды

Казань шаарында 11-мартта өрттөнүп кеткен ири соода борборунда каза тапкан айымдын аты-жөнү такталды. Ал айым Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда туулган Орусиянын жараны Үмүт Ташмаматова экени аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Татарстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, кыргыз айымдын жансыз денеси өрттөнгөн калдыктардын алдынан чыгарылган. Учурда өрттөнүп кеткен соода борборунун калдыктарынын алдынан каза тапкандардын денелери изделүүдө. 

Маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгуусуна соода борборунун 1-кабатында жайгашкан кафедеги газ баллонунун жарылуусу себеп болгон. Бирок өрттүн келип чыгуу себептери расмий түрдө айтыла элек. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган соода борборундагы кырсыктан жабыркаган же дайынсыз жоголгон кыргыз жарандары азырынча катталган жок.  

Өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 2 миллиард рублду түзгөнү айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altunai.79
2015-03-12 16:54:31
Аллахым жаннатан жай берсин! Тируулорубузду ар кандай балее апааттардан, боодо кырсыктан сактасын.
+4
Sadyrov_n93
2015-03-13 08:02:27
Жайы жаннаттан болсун Аллахым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан