Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин өлкөнүн 40 районунда иш алып барып келген бөлүмдөрү жоюлуп, 7 облустук бөлүм ишке кирет. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов билдирди.
Анын маалыматы боюнча, мындай зарылчылык райондордогу чечилбеген маселелердин көптүгүнөн, райондук бөлүмдөр менен байланышуунун кыйын болгонунан улам келип чыккан. Дагы бир себеби айрым адистерди жумуштан алып, спортту кенен түшүнө билген адистер менен толуктоо болуп саналат.
Буга чейин ар бир райондо бирден бөлүм башчы, эсепчи жана башкы адис иштеп келген. Эми райондордо бирден инструктор калтырылат. Бул иштер өкмөттүн 10-марттагы токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат. “Мунун баары мыйзам чегинде ишке ашып жатат. Облустук бөлүмдүн жетекчиси сынактын негизинде бекитилет. Жумуштан бошотулгандарга жумуш ордуларын сунуштайбыз. Эгер макул болушпаса, анда мыйзам чегинде 3 айдын айлыгын төлөп беребиз. Муну менен биз соттошуулардын алдын алабыз”,- деди агенттиктин директору.