Жылнаама, 30-март: Мындан 1 жыл мурун "Днепр" клубунун футболчусу Жаба Канкава тилин жутуп алган футболчунун өмүрүн сактап калган

* Мындан 148 жыл мурун, 1867-жылы орусиялык дипломат, барон Эдуард Стекл Вашингтон шаарында Аляска жарым аралынын Америка Кошмо Штаттарына сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, орусиялыктар Кошмо Штаттарга Алясканы 7 миллион 200 миң долларга кармата беришкен. Аляскада качан алтын жана башка минералдык кендердин бай запасы табылгандан кийин америкалыктар терисине батпай сүйүнүшкөн. Ал эми орустар болсо ошол күндөн азыркыга чейин Американын колтугундагы стратегиялык маанилүү аймактан айрылганына бармагын тиштеп келишет.
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы канадалык ырчы Селин Дион Канададагы Монреаль шаарында туулган. Ырчыга эң алгачкы атактуулук 1982-жылы "Yamaha" фестивалдан жеңгенден кийин келген. Ал эми 1988-жылы Селин Дион "Евровидение" сынагына Швейцариянын атынан катышып, баш байгеге ээ болгондо ырчыны Жер шарынын көпчүлүк бөлүгү тааныган. Жеймс Кэмерондун шедеврге айланган "Титаник" тасмасынын саундтрегин Селин Дион аткарган. Анын аткаруусундагы атактуу “My Heart Will Go On” (“Жүрөгүм сени түбөлүк сүйөт”) аттуу ыры жазылган диск дүйнө жүзүнө 27 миллион нуска менен тараган.
 
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы театр жана кино актрисасы, эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти, көптөгөн сыйлыктын ээси Людмила Гурченко жүрөк оорусунан улам 76 жашында каза тапкан. Актрисанын эң жакшы аткарган ролдору деп "Карнавалдык түн", "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" ж.б. тасмаларындагы образдар эсептелинет.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Украинанын футбол боюнча биринчилигинин 22-турунда катталган “Днепр” - “Динамо” командаларынын беттешинде футболчу Олег Гусев кагылышуудан кийин тилин жутуп алып, ага "Днепр" клубунун футболчусу Жаба Канкава дарыгерлерден мурун жардам көрсөткөн. Олег Гусевдин тилин тартып, көмкөрөсүнөн жаткырган Канкава мындай ишти ал турмуштук тажрыйбасынан улам билерин айткан. Дарыгерлердин айтымында, жардам өз убагында берилбегенде, тилин жутуп алган Гусев дем ала албай калып өмүрү менен коштошушу мүмкүн болгон. 
30-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
diiazbek
2015-03-30 10:40:39
Ииий Аляска орустардын жери екен еледаа ее билбейт елем еми билип алдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан