Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында тик учак кулап, өрттөнүп кеткенинен улам каза тапкан 6 жарандын өздүгүн аныктоо иштери уланууда. Көз жумган 6 адамдын бири Айдана Байзиева аттуу кыргыз жараны экени белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, А.Байзиева учкучтун жардамчысы болгону божомолдонууда. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги ал кыздын Малайзияда турган эжеси менен байланышып, эртең сөөктү таануу иштерин жүргүзүүнү макулдашышты. Мындан тышкары элчилик А.Байзиева каттоодо турбаганын белгиледи.
Кошумчалай кетсек, бул кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери бар болгон. Ошондой эле тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени белгилүү болду. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканы да аныкталды (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).