Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу кескин төмөндөп, 1 долларды сатып алуу 57 сомго, сатуу 60 сом 10 тыйынга түштү (17-апрель, саат 12:08ге карата). Айрым жайларда 1 долларды сатып алуу 58 сом 9 тыйын, сатуу 60 сом 5 тыйындын тегерегинде болуп жатат. Бүгүн, 17-апрелде эртең менен (10:45те) сатып алуу 60 сом 3 тыйын болсо, сатуу 60 сом 40 тыйынга түшкөн. Ал эми 16-апрелде 1 долларды сатып алуу 62 сом 50 тыйынга, сатуу 63 сомго түшкөн эле. Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев SUPER.KG порталына доллар курсунун төмөндөшү 15-майга чейин уланарын айтты. "АКШ валютасынын наркынын төмөндөп жатышы убактылуу көрүнүш, ушул нормада сакталып турушуна эч ким кепилдик бере албайт. Себеби өлкөдө жумушсуздуктун күч алышы, алтындын наркынын түшүп жатышы доллардын курсунун төмөндөшүнө алып келүүдө. Курс кайра көтөрүлөт",- деди Абдылдаев.