ЭЛДИК КАБАР: Сузак районундагы Шамши Базарбаев атындагы мектеп жарактан чыгып, окуучулар ашканада окуп жатышат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Шамши Базарбаев атындагы мектеп кейиштүү абалда калды. Бул тууралуу окурман 18-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурмандын айтымында, мектеп авариялык абалда болгондуктан, балдар мектептин ашканасында окуп жатышат. "Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаттары келип көрүп кетишти. "Жакында жаңы мектеп салып беребиз" деп алдап келишет",- деди окурман. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
BAYAW-KG
2015-04-18 14:57:03
Ушундай мектептердин саны кобойуп кетип жатат. чоңдор карабай калганго...
0
Aika96
2015-04-18 15:18:21
Жылына 20-25 мектеп курулуп жатат деп кечээ эле билим беруу министри айтып жатат элего ал мектептер кайсыл жерлерге курулду экен кызык. 2010жылдан бери курулду деп эсептесек анда 5 жылда 125 мектеп курулуптур супер инфо бир журналистик иликтоо жургузуп корбойсуздорбу,кайсыл жерде канча мектеп курулуптур? бизда билип алалы.
+8
jamilya03
2015-04-18 15:57:38
Бул мектептин ичине кирмек турсун жанынан отуштун озу коркунучтууго кулап калып басып калчуудай Айыл окмоту уктап жатыптырбы
+2
banda-312
2015-04-18 16:09:13
Ушу мектепке кантип окуушат
Биринчи жолу кортам ушундай мектеп бар экенин
+1
edu.kg.
2015-04-18 17:35:53
Ото эле эскирип калыптыр. Ушул убакка чейин эмне кылып жатышты экен айыл бийлиги?
+2
Takai
2015-04-18 17:47:23
Чондорго тан калыштын деле кажети жок болуп калды. Оздорунун кызыкчылыгын ойлоп, элди алдашат. Жашаган уйлорун корсон тим эле бейиш. Озунорго чаптаганды коюп, элди да карап койгулачы. Дунуону корунорго алып кетесинерби? Кырзындын жашоосун коруп ичип тызылдайт.
+5
kerakg
2015-04-18 22:15:45
Бул айылдын айылдык өкмөтү барбы жокбу ким билет, бул мектептин сүрөтү болсо, анда бул жерге окуучулар окумак түгүл, мал камаганга коркунучтуу го, бирок ушундай жашоо кечирип жаткандар да бар жок эмес.
0
talant87
2015-04-18 22:30:10
ал жактагы мектепти окутпайтко сыртары чоп басып жатат биздеда бар бузулган мектеп
0
Qnet
2015-04-18 23:29:22
Кайсыл депутаттар барган,айыл окмоту ким тактап жазбапсынарда,балким окуп алып,бир жардам беришет беле...
0
jamilya03
2015-04-18 23:53:28
ушул айылдын тургундарынан сураныч мени шайлагыла деп барган депутаттын жыйынын ушул мектептин ичинде откоз дегиле айыл окмоту экоону биринчи гиргиле анан биз гиребиз деш герек анан айыл окмотунор ойгонуп кетет
+1
Qnet
2015-04-19 17:28:39
jamilya03, туура айтасыз!
0
nadyrbek
2015-04-19 04:47:58
Элдер да жонотот десе жоното берет экен да , супер инфо силер да бир аз тактап анан жазсанар болоо, бул мектеп эмес короодон да акыбалы начарго бул жерге эч ким кирбегендиги байкалып турбайбы! Эшигин карагыла ашканада окугандар деле ушул эшиктен кирсе кекрек бул эшик 5 жыл мурда жабылган бойдон тургандай!
-1
Tukeler
2015-04-19 06:36:38
nadyrbek,5жыл эмес,бул Сталиндин заманында эле жабылып калган окшойт,элчилик да,кабар жонотуп смартфон утуп алалы деп аракет кылып атышат,ушу жарыядан кийин москвада кыргыз жараны бир айдан бери дайынсыз,качантан бери дайынсыз деген кабарларда кобойду!?
-1
dina
2015-05-17 11:00:00
Ичин да, окуучулардын кирип чыкканын да жонотсо болмок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан