Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда музыкант Асылбек Насирдиновдун "Улуу көч" деген аталыштагы жеке концерти өтүп жатат. Кеченин жүрүшүндө сахнага куттуктоо сөздөрү менен маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтов, коомдук ишмер Роза Айтматова, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, профессор Оморбай Нарбеков чыгышты.
Алтынбек Максүтовдун айтымында, Асылбек Насирдиновдун улуттук маданиятка кошкон салымы зор. "Насирдинов - көптөгөн улуттук аспаптарды черте билген илимдүү мультимузыкант. Азыркы тасмалардын музыкасынын, жагымдуу чыгармалардын автору. Бүт баарын жандуу, өзгөчө кылып жатат. Бүгүнкү концерт - бул башталышы",- деди Максүтов. Андан соң ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атынан А.Насирдиновду "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйлады.
Роза Айтматова өз кезегинде музыканттын атасы Төлөн Насирдинов боюнча айтып берди: "Асылбектин атасы биздин айылдын көрүнүктүү адамы, эл сыймыктанган журналисти болчу. Журналист катары абдан чебер эле. Асылбек дагы атасына окшоп музыка тармагында чыгармачыл адам болуптур".
Муратбек Бегалиев Асылбек Насирдиновду "оркестр-адам" деп мактады. "Мындан бир топ жыл мурун Асылбек мотурайган бала болуп, консерваторияга келген эле. Азыр эми салабаттуу, бою узун, акылы да узун бала болуп калды. Анын таланты бүткүл дүйнөгө тарады десек болот. Жакында Польшага бардык эле. Ал жерде Асылбек дагы эки бала менен 3 сааттык концерт берди. Поляктарга абдан жагып, улам-улам кайталап берүүнү суранып жатышты",- деди Бегалиев. Андан соң ал А.Насирдиновго бакыт-таалай, чыгармачылыгында ийгилик каалап өттү.
Учурда жандуу концерт уланып, музыканттар жана ырчылар өз чыгармаларын тартуулашууда.