30-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Кения мамлекетинин Мамбосса шаарында 25 мамлекеттин окуучуларынын катышуусунда Эл аралык олимпиада болуп өттү. Ага мамлекетибиздин желеги астында 5 окуучу катышып келди. Алардын ичинен Кадамжайдагы Кыргыз-Түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Кубанычбек Имаралиев 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Кубанычбек бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, ал сууну тазалоо боюнча долбоор даярдаган. "Биз барганда алгач өз долбоорлорубузду тааныштырууга убакыт беришти. Андан соң 4 калыс бардык долбоорду карап чыгып, балл
системи боюнча жеңүүчүнү аныктады",- деп кошумчалады Кубанычбек.