Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 29-майда Ички иштер министрлиги тастыктады.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын июль айында Максат Чакиев чет элдик Ф.П. аттуу жарандын ишеничине кирүү менен ага Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлүгүн аныктаган жасалма күбөлүк берген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө департамент башчысынын бул кылыгы билинип, ал ишти жабуу үчүн ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын кызматкерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө барып эс алып келүүнү сунуштаган.
Кечээ, 28-май күнү Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.