“Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Умырзаков жана Москва шаары боюнча “смотрящий” Мирлан Макаилов Орусиядан кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, жогоруда аты аталгандар кечээ, 1-июнь күнү саат 18:20 чамасында Москвадан кармалышкан. Текшерүү учурунда Мурсалым Умырзаковдун жанынан 31,6 грамм маңзат табылган. Ал эми Мирлан Макаилов “ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү” беренеси боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Учурда алар Москвадагы убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.
Айта кетсек, Мурсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана атка ээ жана бир канча жолу соттолгон. 2015-жылдын 17-апрелинде ал жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыгарылган эле.
Мирлан Макаилов 1984-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. Учурда ал Орусиянын жараны жана “Карышкырдын” Москва шаары боюнча "смотрящийи".