Бүгүн, 3-июнда 36 жаш курагында каза болгон кыргыз жериндеги эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.
Бул тууралуу досу
Нурлан Алишеров SUPER.KG порталына билдирди. Ал зыйнатка жергиликтүү бийлик жетекчилери менен бирге 500дөй район эли катышканын айтты. Ал эми коштошуу митингинен кийин анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында жерге берилди.
Жеңишбек Райымбаев 1979-жылы Ак-Кыя айылында жарык дүйнөгө келген. Анын боюнун узундугу 2 метр 32 сантиметр болгон.