Бишкектеги Бала жана энени коргоо улуттук борборунда Ош облусунун тургуну Камчыбек кызы Бактыгүл бүгүн, 5-июнда үч эм төрөдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына төрөттү кабыл алгандардын бири, акушер Нурила Баетова кабарлады.
Анын айтымында, үч эмди жарыкка алып келген эне - Камчыбек кызы Бактыгүл төрөтканага 4-июнда келип түшкөн. "Төрөттү кесарево жолу менен ишке ашырдык. Алгач 2 килограмм 115 грамм салмакта уул төрөлдү. Андан соң 2 кыз удаа төрөлдү. Биринин салмагы 2 килограмм 22 граммды түзсө, экинчисиники 2 килограмм 480 граммды түздү. Учурда балдардын жана эненин абалы жакшы",- деди Нурила айым.